Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:27

Жапонияда премьерлик кызматка талапкерлер көрсөтүлүүдө


Жапониянын министрлер кабинетинин баш катчысы Ёсихидэ Суга.
Жапониянын министрлер кабинетинин баш катчысы Ёсихидэ Суга.

Жапония Синзо Абенин премьер-министрлик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетип жатканына байланыштуу жаңы лидерди тандоо алдында турат. 2-сентябрда азыркы министрлер кабинетинин баш катчысы, иш жүзүндө өлкөдөгү экинчи киши болуп саналган Ёсихидэ Суга бийликтеги Либерал-демократиялык партияны жетектеш үчүн талапкерлигин көрсөттү.

71 жаштагы Суга либерал-демократтардын жети фракциясынын бешөөнүн колдоосун алганы, ал буга чейинки саясий курсту улантууга убада бергени кабарланды.

1-сентябрда мурдагы коргоо министри Сигэру Исиба да партия лидерлигине талапкерлигин көрсөткөн. Жапон медиасы коомчулукта анын талапкерлигине колдоо күч экенин жазып жатат.

Башкаруучу партияны жетектегиси келерин мурдагы тышкы иштер министри Фумио Кисида да билдирип, өлкөдөгү жакырчылык менен социалдык теңсиздикке көңүл бөлүүгө убада берүүдө.

Жаңы лидер 14-сентябрдагы добуш берүүдөн кийин белгилүү болот. Башкаруучу партиянын башына келген адам иш жүзүндө премьерликке да шайланат.

2012-жылдан бери либерал-демократтарды баштап, Жапонияны башкарып келген Синзо Абэ саламаттыгына байланыштуу кызмат ордун бир жыл эрте тапшырууда. Бул үчүн ал элинен кечирим да сураган.

XS
SM
MD
LG