Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Орусияда тажик оппозициясынын бир мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Нижний Новгород шаарында Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын мүчөсү Шобуддин Бадалов кармалды. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлдөрү 2-сентябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, өздөрүн «ички иштер бөлүмүнүн кызматкерибиз» деп тааныштырган, жарандык кийим кийген бир нече киши шейшемби күнү Бадаловду автоунаага отургузуп алып кеткен. Азыр анын кайсы жерде экени белгисиз.

«Группа 24» өз билдирүүсүндө Шобуддин Бадаловдун кармалышы анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин жана ага тажик бийлигинин тиешеси бар экенин белгиледи.

Тажикстандын Орусиядагы расмий түзүмдөрү азырынча кыймылдын мүчөсүнүн кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Бадалов ушуну менен Орусияда экинчи жолу кармалып отурат. Быйыл июнь айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Москвадагы сапарынын убагында Шобуддин Бадалов менен кыймылдын дагы бир мүчөсү Рахматжон Мухаммад пикет өткөрүшкөн. Аларды Орусиянын укук коргоо органдары кармап, 15 суткага камакка алган.

«Группа 24» кыймылын тажикстандык белгилүү ишкер жана оппозициячыл саясатчы Умарали Кувватов 2012-жылы негиздеген. 2014-жылы Тажикстандын Жогорку соту бул кыймылды экстремисттик уюм деп таанып, өлкөдө анын иш жүргүзүшүнө тыюу салган.

Тажикстанда, Орусияда жана башка постсоветтик өлкөлөрдө бул кыймылды колдойт деген айып менен ондогон адам камалган. Кыймылдын негиздөөчүсү Кувватов 2015-жылы Стамбул шаарында киши колдуу болгон.

XS
SM
MD
LG