Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

АКШдагы түркмөндөр Бердымухамедовго каршы чыгышты


Түркмөн жарандарынын Вашингтондогу акциясы. 29-июль, 2020-жыл.
Түркмөн жарандарынын Вашингтондогу акциясы. 29-июль, 2020-жыл.

Кошмо Штаттарда 30-августтан бери Түркмөнстандын жарандары митингге чыгып жатышат. Хьюстон, Питтсбург, Вашингтон шаарларында бир күндөн өткөрүлгөн акцияларда алар түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун саясатына, анын ичинде Конституцияны өзгөртүү аракетине каршылык билдиришти.

Акциянын уюштуруучуларынын бири «Түркмөнстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын лидери Мырат Гурбанов "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен болгон маегинде Баш мыйзамдын өзгөртүлүшү бийликти узурпациялоону мыйзамдаштырып, президенттиктин атадан балага өткөрүлүшүн бекемдей турганын белгиледи.

Жаңы Баш мыйзам 25-сентябрда Элдик кеңештин курултайында жактырылары күтүлүүдө. Ага ылайык, өлкөдө кош палаталуу парламент түзүлүп, учурдагы парламент мыйзам чыгаруу укугунан ажырай турганы расмий маалымдалган. Башка кеңири маалымат берилген эмес.

Түркмөн активисттери 2-сентябрда Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун баш кеңсесинин алдында акция өткөрүүнү пландап жатышат. Бийликтин коронавирус бар экенин четке кагып жатканы, экономикалык каатчылыкка жол берип, сөз эркиндигине эбегейсиз кысым кылганы акыркы жылы өлкө ичинде жана сыртында бийликке каршы пикирлерди кескин күчөттү. Май айынан бери Бердымухамедовдун кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар АКШда, Түркияда жана Түндүк Кипрде өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG