Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

AI: Иран бийлиги митингчилердин укугун одоно бузган


Ирандын Хамадан шаарындагы акция. 2019-жылдын ноябрь айы.
Ирандын Хамадан шаарындагы акция. 2019-жылдын ноябрь айы.

«Amnesty International» укук коргоо уюму (AI) Иран бийлигин 2019-жылдын ноябрь айындагы каршылык акцияларында кармалгандардын укугун одоно бузду деп айыптады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм мындай мазмундагы жаңы баяндамасын 2-сентябрда жарыялады.

Анда былтыркы элдик толкундоолор маалында кеминде 304 демонстранттын өмүрү кыйылганы, күч кызматкерлери миңдеген адамдарды камакка алып, аларга ырайымсыз мамиле кылганы белгиленген.

Былтыр Иранда бензиндин кымбатташынан улам ири жүрүштөр башталып, каршылык акциялары тез эле Ирандын 100гө чукул шаарларына жайылып кеткен. Митингдерде Ирандын башкы көсөмү аятолла Али Хаменеинин кызматтан кетишин талап кылган билдирүүлөр да жаңырган. Жүрүштөрдүн көбү күч менен басылган.

«Amnesty International» укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, демонстрациялардан кийин Иранда соттун чечими жок камакка алынгандар, дайынсыз жоголгондор көбөйгөн. Ошондой эле кармалган митингчилердин көбү узак убакытка жалгыз камераларга камалып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес.

«Amnesty International» уюмунун жаңы баяндамасы мамлекеттен запкы жеген 60тай жабырлануучунун же алардын жакындарынын, из жашырып жүргөн эки демонстранттын жана окуядан кабары бар 14 кишинин маектерине негизделген. Мындан тышкары өлкө ичиндеги жүздөгөн адамдардын билдирүүлөрү, видеолор жана сот документтери уюмдун изилдөөчүлөрүнүн колуна тийген.

Ирандын бийлиги эл аралык укук коргоо уюмунун бул баяндамасына жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG