Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Казак бийлигин сындаган журналист «Qazaqstan» телеканалынан кетти


Журналист Ербол Мандибек.
Журналист Ербол Мандибек.

Казакстандын мамлекеттик «Qazaqstan» телеканалынын 34 жаштагы журналисти Ербол Мандибек «өз каалоосу менен» жумуштан кетти. Он жылдан ашык президент катышкан иш-чараларды чагылдырып, акыркы үч жылдан бери атайын кабарчы болуп иштеп келген Мандибек телеканалдын жетекчилигин жана анын редакциялык саясатын сынга алууда.

Ал бир нече айдан бери соцтармактардагы баракчаларына мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев, президенттик иш башкармалыктын мурдагы башчысы Болат Утемуратов өңдүү миллиардерлердин байлыгы, COVID-19 пандемиясы маалында дары-дармекке муктаж болгон жарандар тууралуу билдирүүлөрдү жазып, өкмөттү ачыктыкка чакырып келген.

Казакстандын Маалымат министрлиги «журналисттин өз эрки менен жумуштан кетүү тууралуу өтүнүчүнө байланыштуу эки тараптуу келишим токтотулду» деп кабарлады. Мандибек жумуштан кетердин алдында «соцтармактардагы билдирүүлөрү үчүн эскертүү алганын» билдирди.

Ал «Азаттыктын» казак кызматына берген интервьюсунда эмнеге «Qazaqstan» телеканалы сөз эркиндигин чектеп жатканы, Акордо менен Маалымат министрлигинин редакциялык саясатка кийлигишүүсү жана митингдер маалында журналисттерге кандай нускамалар бериле тургандыгы жөнүндө айтып берди.

«Кыскача айтсам, чыдамым түгөндү. «Qazaqstan» телеканалында үч жылдан ашык иштедим. Ал жакта элдин көйгөйү чагылдырылбайт, биринчи кезекте бийликтин тапшырмалары аткарылат», — деди журналист.

Ал телеканалдын эмгек келишиминде «өкмөттү жана анын саясатын сындоого болбойт» деп жазылганын, ушундан улам журналисттер бул темалар боюнча соцтармактарга өз пикирлерин жаза албай тургандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG