Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Германия: Навальный «Новичок» менен ууландырылышы мүмкүн


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Германиянын өкмөтү орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын канынан «Новичок» тобуна кирген, адамдын нерв системасына зыян келтирүүчү химиялык зат табылганын билдирди. Немис канцлери Ангела Меркелдин басма сөз катчысы Штеффен Зайберт мындай тыянакты Германиянын атайын аскердик лабораториясы чыгарганын 2-сентябрда айтты.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Навальныйдын тарапкерлери саясатчы ууландырылганын айтышкан. Бирок Омскидеги оорукананын дарыгерлери маалыматты четке кагышкан эле. 27-августта орус прокурорлору Навальный туш болгон окуяда кылмыштын белгилери жок экенин маалымдашкан.

Учурда Навальный Берлиндеги «Шарите» ооруканасында дарыланып жатат.

XS
SM
MD
LG