Глобалдык инновациялык индексте (Global Innovation Index 2020) Кыргызстан 131 мамлекеттин ичинен 94-орунду ээледи.
INSEAD эл аралык бизнес-мектебинин 2020-жылга карата жарыялаган рейтингинде мамлекеттердин инновациялык өнүгүшү 80 көрсөткүч менен бааланды.
Рейтингде биринчи орунду Швейцария ээлеген. Анын артында Швеция, АКШ, Улуу Британия жана Нидерланддар турат.
Кытай 14, Орусия 47-орунда.
Борбор Азиядан Тажикстан 109, Өзбекстан 93, Казакстан 77-катарда.
Акыркы орундар Африка чөлкөмүндөгү мамлекеттерге берилди.
Инновация - бул конструкциялоого, өндүрүшкө же товар сатууга жаңы мамиле. (SE)