Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Парламентте жаңыдан мандат алган жети депутат ант берди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын бүгүн, 3-сентябрда өтүп жаткан сессиясында жаӊы мандат алган жети депутат ант берип, кызматка киришти.

Ант беришкен Сталбек Молдалиев, Нурлан Сырдыбаев, Осмон Турдумамбетов, Мээримбек Койчуманов, Уланбек Исмаилов, Улугбек Садиков, Байгазы Кенжебаев буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) мандат алышкан.

Сессияда Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбак Жумабеков аларды куттуктап, ийгилик каалады.

Алар алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу максатында мандаттарын тапшырган депутаттардын ордуна келишти.

Кыргызстанда жетинчи чакырылышка депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрга белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG