Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-октябрга чейин шайлоочулар менен иштей турган болду


Парламенттин алтынчы чакырылышынын сессияларынын бири. Март, 2020-жыл.
Парламенттин алтынчы чакырылышынын сессияларынын бири. Март, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Тиешелүү токтом парламенттин бүгүн, 3-сентябрда өткөн сессиясында кабыл алынды.

2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуш кылды. Ал муну азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыгы менен түшүндүрдү. Спикер муну Жогорку Кеңештин трибунасын үгүт иштерине колдонбош үчүн жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүш керек деп негиздеди. Депутаттар анын сунушун колдошту.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү эртең, 4-сентябрда башталат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кайсы партиялар шайлоого барарын 3-сентябрдан калбай жарыялоого тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG