Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22

Кыргызстанда шайлоочулар үч миллион 451 миңден ашты


2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.
2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.

Кыргызстанда 3-сентябрга карата шайлоочулардын саны үч миллион 451 миң 486 жаранды түздү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров 3-сентябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Жарандар бул порталдан өздөрүнүн тизмесин тактап алса болот.

Шайлоочулар 2015-жылы алтынчы чакырылыштагы парламентти шайлоого караганда быйыл 667 746 кишиге көбөйдү.

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG