Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Муфтият: Дин ишмерлери үгүт иштерине катыша албайт


Сулайман-Тоо мечити. Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Сулайман-Тоо мечити. Ош шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы Мусулмандар дин башкармалыгы атайын токтом менен дин ишмерлеринин, имамдардын шайлоо иштерине аралашуусуна тыюу салды. Муфтияттын басма сөз катчысы Максатбек Атабаевдин «Азаттыкка» 3-сентябрда билдиргени боюнча, мындай талап жалпы өлкөдөгү дин ишмерлерине берилди.

«Токтомго ылайык мечиттерде, медреселерде шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле дин ишмерлери, имамдар да саясий абалга кийлигишип, кайсы бир партиянын жана талапкерлердин пайдасына иштөөсүнө уруксат жок», - деди ал.

Атабаевдин айтымында, муфтият буга катуу көзөмөл кылат.

Дин кызматкерлери саясатка аралашып, үгүт иштерин жүргүзө албай турганын 2-сентябрда Бишкектин казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов да жыйында эскерткен.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мечиттерде жума намазга тыюу салынып, август айынын акыркы жумасынан тартып гана уруксат берилген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган.

Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталат. Азырынча шайлоого талапкер катары төрт партия расмий катталды. Борбордук шайлоо комиссиясы дагы 13 партиянын арызын кароодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG