Москвада полиция «Открытая Россия» кыймылынын аткаруучу директору Андрей Пивоваровду кармады.
Аталган кыймылдын «Телеграм» каналына 3-сентябрда жарыяланган кабарга ылайык, аны дүкөндөн кармап кетишкен. Пивоваровго массалык иш-чара уюштуруу эрежелерин бузган деп кине коюп атышат, бирок айыптоонун чоо-жайы толук маалым эмес.
Августтун башында Беларустагы президенттик шайлоо жана андан кийинки акцияларды блогер катары чагылдырууга бараткан Андрей Пивоваровду жана «Открытая Россия» кыймылынын эки мүчөсү Даниил Потапов менен Александр Федосеевди Смоленск облусунун Рудня чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери да кармап, коё беришкен.