Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Казармандагы жол кырсыгы сегиз кишинин өмүрүн алды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, сегиз кишинин өмүрү кыйылган жол кырсыгы 4-сентябрда эртең менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын Тагай аймагында болду.

09:00 чамасында «Ауди А6» үлгүсүндөгү автоунаа «ХОВО» оор жүк ташуучу машинеси менен кагылышкан. Кырсыктан каза болгондордун аты-жөнү такталып жатат. Алардын алтоо эркек, экөө аял.

Тогуз-Торо районунун куткаруучулары каза болгондордун сөөктөрүн машинеден чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен.

XS
SM
MD
LG