Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Орусиядан келген ыктыярчы дарыгерлер кайра кете албай жатышат


Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө. Бишкек шаары. 16-июль, 2020-жыл.
Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө. Бишкек шаары. 16-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанга июль айында коронавирус күчөп, адистер жетишпей жатканда Орусиядан өз эрки менен келип, «кызыл зоналарда» иштеген дарыгерлер кайра иштерине кайта албай жатышканын айтып, «Азаттыкка» кайрылышты.

Тогуз дарыгер азыркы тапта Москва менен Санкт-Петербургдагы иш орундарынан мөөнөтсүз, акы төлөнбөгөн өргүү алып, бийликтин чечимин күтүп жатышат.

Алардын бири Талантбек Ахун уулу:

«Биз келерде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Тышкы иштер министрлиги кайра кайтарыбызды айтышкан. Кыргызстандын ар кайсы шаарларында «кызыл зоналарда» бул жактагы дарыгерлер алган айлыкка эле иштеп, эми кайра кетели десек чек ара жабык, кайта албай калдык. Бийлик берген убадасын качан аткарары белгисиз», - деди.

Орусияга кайта албай жаткан медиктердин арасында реаниматолог-анестезиолог, невролог, кардиолог сыяктуу адистер бар.

Июнь, июль айларында Кыргызстанда вирус күчөп, дарыгерлер жетишсиз болуп жатканда Орусияда иштеп жүргөн бир нече дарыгер ыктыярдуу түрдө Кыргызстанга келип иштеген. (BCh)

XS
SM
MD
LG