Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Кыргызстанда коронавирус жугузгандар 44300дөн ашты


Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети лабораториялык жол менен дагы 89 кишиден табылды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 5-сентябрда билдиргендей, вирус жугузуп алгандардын 14ү Бишкекте катталды.

Ош шаарында бир, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда - 13, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда бир, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда - 19 кишиден вирус аныкталды.

Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавируска чалдыккандар 44316 кишиге жетти. Анын 39648и айыкты.

Расмий эсеп боюнча ушу тапта коронавирус жугузуп алган 577 бейтап стационарларда, 4097 киши үй шартында дарыланып жатат.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан учур биринчи жолу 18-мартта расмий катталган. (NT)

XS
SM
MD
LG