Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Нарында жети жаштагы бала бир айдан бери дайынсыз болуп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында сууга чөгүп кеткен жети жаштагы баланын дайыны табылбай жатканына бир ай болду. Бул тууралуу 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 7-августта Кочкор районунда болгон. Теңдик айылында Чу дарыясына жети жаштагы бала чөгүп кеткен.

Ал эми Чүйдө куткаруучулар сууга чөгүп кеткен 26 жаштагы кызды таба албай жатышат. ӨКМ кабарлагандай, кырсык Аламүдүн районунда 15-августта болгон. Ал «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.

Бүгүн 7-сентябрда издөө иштери уланууда.

Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG