Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Курал саткан дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жакын арада курал-жарак саткан ишканалар менен дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу коомдук тартипти сакташ үчүн кабыл алынды.

Үгүт өнөктүгү башталгандыктан, коомдук коопсуздукту сактоо, тартиптин бузулушуна жол бербөө максатында азыркы тапта өкмөттүн токтомуна ылайык ички иштер органдары аңчылык, кызматтык жана жарандык куралы бар адамдарды текшерип жатат.

Көзөмөлдөө жана алдын алуу иш-чараларынын алкагында курал алып жүрүүгө уруксаты барлардын, күзөт агенттиктеринин сыйлык катары берилген, кызматтык, травматикалык жана аңчылык куралдары, аларды сактаган жерлери текшерилүүдө. Милиция мындай чара элдин жана мамлекеттин коопсуздугун коргоо максатында көрүлүп жатканын билдирди.

Кыргызстанда курал сатып алууга уруксатты 20 жашка толгон адам жашаган жери боюнча ички иштер органынан алат. Анын жол-жобосу “Курал жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынган. Уруксат өзүн коргоо, спорттук, аңчылык, белги берүүчү курал жана улуттук кийимге тагылуучу канжарларды сатып алууга берилет.

Кыргызстанда VII чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. (BTo/RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG