7-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук жараян болбой калды. Райондук соттун басма сөз кызматы берген маалымат боюнча, жараян саат 10:00гө дайындалган.
Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Зилалиевди сотко алып келген эмес. Мекеме муну «кызматкерлер соттук териштирүү түштөн кийин болот деп ойлошкон» деп түшүндүргөн. Кийинки жараян 9-сентябрга белгиленди.
Башкы прокуратура Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.
Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (BTo)