Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

«Бүтүн Кыргызстандын» тарапкерлери сот имаратына чогулууда (видео)


Бишкектин Административдик сотунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери чогулууда.
Бишкектин Административдик сотунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери чогулууда.

Бишкектин административдик сотунун алдында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери чогулууда. Алар сотту калыс чечим кабыл алууга чакырган жазууларды кармап турушат. Ушу тапта сот партиянын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген арызын караганы жатат.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Буга чейин Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы доо арызын караган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG