Айылдык кыздардын кыялы, максаты жана түйшүгү
"Айылдык кыз - Village girl" долбоору Талас облусунун Аманбаев айылындагы 9-10-класстын окуучуларына тренинг өткөрдү. Ага катышкан кыздар үч күн бою ыктыярчылардан келечектин кесиптери, чет өлкөдөгү окуу программалары, репродуктивдүү саламаттык, социалдык тармактар жана коопсуздук, коомдук активизм ж.б. темалар боюнча маалыматтарды алышты. Биз мүмкүнчүлүктөн пайдаланып катышуучулардан алардын кыялы, максатына жетүүдөгү тоскоолдуктар жана аларды ойлондурган маселелер боюнча сурамжылоо жүргүздүк.
Чыгарылыштар
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"
-
Июль 28, 2026"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу
-
Июль 20, 2026АИ-95 бензиндин литри 100 сомдон ашты