Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Комуз жумалыгынын алкагында залкар комузчулар эскерилди


Токтогул Сатылгановдун эстелигине гүл коюу.
Токтогул Сатылгановдун эстелигине гүл коюу.

Комуз жумалыгынын алкагында жер-жерлерде 8-сентябрда залкар комузчуларды эскерүү иш-чаралары өттү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, Бишкекте Токтогул Сатылгановдун, Ош шаарында Ниязалы Борошевдин жана Ысык-Көл облусунун Корумду айылында Карамолдо Орозовдун айкелдерине гүл чамбарлар коюлду. Эскерүү иш-чараларына белгилүү өнөр адамдары, жаш комузчулар катышты.

Кыргыз өкмөтү быйыл 7-13-сентябрь күндөрүнө туш келген жумалыкты комуз жумалыгы деп жарыялаган. Эпидемиологиялык шартка байланыштуу жумалыкка арналган иш-чаралар онлайн форматта өтүп жатат. Илимий-практикалык конференция, «Таңшы, комуз» онлайн концерти жана видео сабактар залкар жана жаш комузчулардын катышуусунда уюштурулууда. Аларды «Маданият. Тарых. Тил» телеканалынан жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирде көрсө болот.

2019-жылы президенттин жарлыгы менен Кыргызстанда 9-сентябрь Комуз күнү деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG