Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Аксыда чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Аксыда чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу 8-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 5-сентябрда Аксы районунун Таза-Суу жергесинде чек арачылар «Хундай Портер» үлгүсүндөгү машиненин жанынан Өзбекстанга айдап өтүүгө даярдалган беш баш бодо малды табышкан. Чек арачылар малды кайтарып алышты.

7-сентябрь күнү Аксы районунун дагы башка тилкесинде «Хундай Портер» үлгүсүндөгү машине кармалган. Анын айдоочусу 10 баш малды Өзбекстандын аймагына айдап өтүүгө аракет кылган.

Эки учурда тең малды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз айдап өтүү аракети болгон.

Учурда бул фактыларды Ички иштер министрилиги териштирип жатат. (TB)

XS
SM
MD
LG