Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 13:39

«Дисней» компаниясы Кытайга ыраазычылык билдиргени үчүн сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.

«Дисней» компаниясы «Мулан» тасмасындагы титрларында Кытайга ыраазычылык билдиргени үчүн сынга кабылды. Социалдык тармактардын колдонуучулары «Мулан» тасмасын тартууга көмөктөшкөнү үчүн лентанын аягында Кытай өкмөтүнө, коопсуздук кызматына ыраазычылык билдирилгенин сынга алышууда.

«Дисней» ыраазычылык билдиргендердин арасында Турпандагы коомдук коопсуздук кызматы да бар. Би-Би-Си бул мекеме Шиңжаңдагы «кайра тарбиялоочу лагерлердин» ишин көзөмөлдөй турганын жазды.

Шиңжаңдагы лагерлерде аймактагы мусулмандар кыйноого кабылып, эркинен тыш кармалып турганы айтылып келет. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде мындай лагерлерде кеминде бир миллиондой киши эркинен тыш кармалып турат. Бээжин өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып келет жана лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атайт.

«Мулан» тасмасына нааразы пикирлер буга чейин да айтылып келген. Азиянын айрым өлкөлөрүндөгү фанаттар фильмде тартылган актриса Лю Ифэй Гонконгдогу митингдерди кууп тараткан полицияны колдогону үчүн тасмага бойкот жарыялоого чакырышкан.

«Мулан» тасмасынын киноэкранга чыгышы коронавирус пандемиясына байланыштуу улам жылдырылып келди.

Фильмдин Голливуддагы бет ачары 9-мартта болгон.

Сюжеттин өзөгүн карыган атасынын ордуна согушка аттанган Хуа Мулан аттуу кыз жөнүндө уламыш түзөт.

XS
SM
MD
LG