Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:53

Баткен менен Жалал-Абадга Бишкектен аба каттамдары жанданат


«Манас» аба майданы. Бишкек, Кыргызстан.
«Манас» аба майданы. Бишкек, Кыргызстан.

Жарандык авиация департаментинин маалыматына караганда, 15-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен багытында учак каттай баштайт. Ал эми Бишкек - Жалал-Абад багытындагы каттам 18-сентябрдан тартып жанданат. Каттамдарды «ТезЖет» аба компаниясы жүргүзөт.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Баткен менен Жалал-Абадга каттамдар азырынча жумасына бир жолу уюштурулат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык жана ички каттамдар токтогон.

8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак каттап жатат.

Ал эми эл аралык каттамдар августтан тартып жанданды. Азырынча Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына учак каттоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG