Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жуккан дагы бир бейтап - Талас облусунун тургуну каза болду. Бул тууралуу 9-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.
Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдетке чалдыккан 87 бейтап жаңы катталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, алардын эң көбү Бишкек шаарында - 27 адам:
"Баткен облусунда 17, Жалал-Абад облусунда 13, Ош облусунда 11, Чүй облусунда сегиз, Ысык-Көл облусунда жети жана Ош, Талас облустарында экиден адам катталды".
Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 613 адамга жукту, алардын 40 336сы айыкты, 1063 бейтап каза болду.
Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 535 бейтап ооруканаларда жатат, 2373 бейтап үйүндө дарыланууда.
Оору жугузгандардын 3159у - медицина кызматкери. Алардын ичинен бир дарыгер Жалал-Абад облусунда жаңы катталды.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)