Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

10-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Сары-Челек.
Кыргызстан. Сары-Челек.

10-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 22…27;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 25…27 градус.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 19…21° болот.

XS
SM
MD
LG