Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Лесбос аралындагы өрт качкындар лагерин тыйпыл кылды


Лесбос аралындагы качкындар лагери өрттөн кийин. Грекия, 9-сентябрь, 2020-жыл.м
Лесбос аралындагы качкындар лагери өрттөн кийин. Грекия, 9-сентябрь, 2020-жыл.м

Грециянын Лесбос аралындагы качкындар лагеринде түн ичинде чыккан өрттөн улам 10 миңден көп киши жер которууга аргасыз болду.

Элге толгон Мориа лагери өзгөчө пандемия маалында талкуулардын чордонунда болуп келатат. Расмий маалыматтарда лагерь «балким толугу менен керектен чыкты» деп айтылды. Бирок жабыркагандар тууралуу кабар чыккан жок.

Шаршемби күнү эртең менен да айрым жерлерде өрт өчүрүлө элек болчу. Премьер-министр Кириакос Мицотакис кабинеттин чукул жыйынын өткөргөнү жатат. 80 миңдей киши жашаган аралда өзгөчө абал жарыяланышы мүмкүн.

Европа комиссиясынын вице-президенти Маргаритис Шинас комиссия Грекияга жардам берүүгө даяр экенин «Твиттерге» жазды. Маалыматтарга караганда атайлап өрт коюу версиясы негизги катары каралууда.

Буга чейин айрым булактар коронавирус жуккан бейтаптарды башкалардан бөлүү аракети көрүлгөндөн кийин лагердин ар кайсы жеринде өрт чыкканын жазышкан. Бирок баштапкы иликтөө окуянын себебин аныктай элек. Гуманитардык уюмдар Мориадагы санитардык шарттарды көптөн бери сындап келишет.

Лесбос аралы 2015-16-жылдары Европага агылган мыйзамсыз мигранттар өткөн негизги пункттардан болчу.

XS
SM
MD
LG