Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Помпео: Навальныйдын ууланышы Орусиядагы жогорку кызмат адамдарынын кызыкчылыгында


Майк Помпео.
Майк Помпео.

Мындай пикирин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршембиде билдирди. Ал радиодогу маегинде «орусиялык саясатчынын ууланышы Кремлден түшкөн буюртма болушу мүмкүн» экенин айтты.

Помпео бул орусиялыктар үчүн өтө өкүнүчтүү окуя болгонун баса белгиледи.

Алексей Навальный жаңы, коркунучтуу затка ууланганын, бул «Новичок» деген ат менен белгилүү уудан бир канча эсе кооптуу экенин Германиядагы «Die Zeit» басылмасы да ишенимдүү булактарына таянуу менен жазды. Басылма уу атайын кызматтардын лабораториясында гана жасалышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Расмий Москва азырынча бул билдирүүлөргө жооп кайтара элек.

Орус оппозициячысы Алексей Навальный 20-августта Томскиден Москвага баратып, эстен танган. Учак Омскиге чукул конуп, саясатчы тез жардам ооруканасына жеткирилген. Эки күндөн кийин Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган.

XS
SM
MD
LG