Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги онунчу интервенцияны жасады. Өлкөнүн негизги банкы 9-сентябрда алты млн. 600 миң долларды сатыкка чыгарды.
10-сентябрга карата расмий курс 79 сом 8 тыйын деп аныкталды. Ушул тапта жеке менчик банктарда бир доллар 78 сом 60 тыйындан 78 сом 90 тыйынга чейин сатып алынып, 79 сомдон 79 сом 30 тыйынга чейин сатылууда.
2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган.
Доллардын кымбатташына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөн. (BTo)