Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° болот.

XS
SM
MD
LG