Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Белгилүү дипломат Эрик Асаналиев каза болду


Элчи Эрик Асаналиев "Азаттык" радиосунун Прагадагы студиясында, 23-июнь, 2012-жыл.

Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, дипломат Эрик Асаналиев узак оорудан кийин 61 жаш курагында Бишкек шаарында 11-сентябрда каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна маркумдун кызы Бермет Эрик кабарлады.

Айылдаштарынын маалыматына караганда маркумдун сөөгү 13-сентябрда Түп районундагы өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл (Маяк) айылында жерге берилет.

Эрик Асаналиев 1959-жылы 2-майда туулган. 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинде журналисттик адистикке ээ болуп, 1985-жылы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) эки жылдык жогорку мектебин аяктаган.

Эмгек жолун журналист болуп иштөөдөн баштап, кийинчерээк атайын кызматта ишмердигин уланткан.

1993-1994-жылдары Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Аскердик чалгын башкармалыгында бөлүм башчы;

1994-1997-жылдары Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;

1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси; Тажикстандагы жарандык согушта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча чабарманы болгон.

2010-2012-жылдары Беларустагы, Литвадагы жана Латвиядагы элчиси болуп турган.

Соңку жылдары Тышкы иштер министрлигине караштуу «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесин жетектеп келаткан.

Кыргыз, орус тилдеринен тышкары француз тилинде эркин сүйлөгөн.

Маркумдун артында эки кыз, бир уулу калды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG