Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Баткендин жетекчиси Москвада кармалган уулуна чечимди сот чыгарарын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жазык кодексинин «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен шек саналып издөөдө жүргөн Азиз Орозбаев 4-сентябрда Орусиянын Москва шаарында кармалганын кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча 2019-жылдын апрель айында Бишкекте үч киши жеке ишкердин чет өлкөдөн ташып келген эки автоунаасын сатып алууга убада берип, алдап кетишкен. Натыйжада ишкер эки миллион 165 миң сом зыян тарткан. Эки автоунаанын «Toyota Avalon» маркасындагысынын наркы бир миллион 397 миң сом, «Hyundai Elantra» маркасындагы экинчисиники 768 миң сом турган.

Бул факт былтыр 10-апрелде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Анын жыйынтыгында, шектүүлөрдүн бири кармалып, иши «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен тергелип бүтүп сотко өткөрүлгөн.

Калган эки шектүү качып кеткен. Алардын кайда экени белгисиз болгондуктан, тергөөгө алып келүү аракетинен майнап чыккан эмес.

Ушул жылдын январь айында Азиз Орозбаевге жана издөөдө жүргөн дагы бир шектүүгө «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен сыртынан айып коюлуп, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын негизинде март айында издөө жарыяланган.

ИИМдин маалыматына караганда, Москва шаарынын Красносельский районунан аймактык күч органдары Орозбаевди 4-сентябрда кармаган. Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы кармалган шектүү боюнча документтерди Москванын күч органдарына жөнөттү. Кылмышка шектүүнү экстрадициялоо иши менен Башкы прокуратура алектенип жатат.

Азиз Орозбаев - өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун уулу. Бул иш боюнча Абдрахмановдун өзүнөн комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы Москвада кармалган кылмышка шектүү Абдрахмановдун баласы экенин ырастап, облустун жетекчиси мыйзам баарына бирдей экенин, акыркы чечимди сот чыгарарын айтканын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG