Чеченстандык диссидент Ахмед Закаев анын Чеченстанда жашаган төрт бир тууганын кармап, белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирди. Бул маалыматты Британияда бозгунда жүргөн саясатчы «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна бышыктады. Закаевдин айтымында, жакындарын анын оппозициялык «Телеграм» каналды колдогондугу үчүн кармашкан. Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.
8-сентябрда Закаев видео кайрылуу жаздырып чечен полициясын жана Рамзан Кадыровду сындаган жаш активисттин кыйноого туш болуп, ыдык көрүшүн айыптаган.
Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудов Закаев видеодогу «сөзү үчүн жооп берерин» айтты.
61 жаштагы Закаев Чеченстандын жикчил өкмөтүндө маданият министри, вице-премьер, премьер-министр жана тышкы иштер министри болгон.
2002-жылы Лондонго бозгунга кеткен саясатчы Орусияда терроризмге айыпталып, издөөдө жүрөт. Ал өзү айыптоолорду четке кагууда.