Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү узартылды


Кой-Таш айылы. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш айылы. 8-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 11-сентябрда Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук жараянда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун эки аскери көрсөтмө берди.

Райондук соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу сот отуруму 14-сентябрда уланмай болду. Бул жолку отурумда ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Кой-Таш ишин териштирүүнүн мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узартып, камакта отургандарды ошол убакытка чейин абакта калтырды.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG