Салык кызматынын Жалал-Абад облусундагы рейди учурунда лицензиясыз жана уруксат документти жок кампада сакталган ккөп көлөмдөгү сыра табылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Ар кандай аталыштагы 38 миң 62 бөтөлкөгө куюлган сыранын жалпы суммасы 2 миллиондон ашык сомго бааланды. Салык кызматы бул окуя боюнча мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн маалымдады. (TSh)