Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 13-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Катуу шамал болот.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32;
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 22...27;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28;
Бишкек шаарында түнкүсүн 9...11, күндүз 26...28 градус жогору болот.