Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Тажикстанда төрт жашар кыздын зордукталышы боюнча эки киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда төрт жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу эки киши кармалды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы 11-сентябрда маалымат таратып, алар кыздын байкеси жана жеңеси экенин билдирди. Маалыматка караганда, кыздын агасы 72 саатка камалды. Эгер зордуктоо фактысы тастыкталса, ал жыныстык мүнөздөгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кыздын жеңесине «Атайылап денеге оор зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Буга чейин жабырлануучунун апасы кызды кайниси зордуктаганын билдирип, арыз жазган. Турсунзаде шаарынын жашоочусу 20-августта «Озодиге» интервью берип, төрт жашар кызы августтун башында мурдагы күйөөсүнүн ата-энесинин үйүндө болгонун айткан:

«Күйөөм менен үч жыл мурун ажырашып кеткем, ал мага алимент төлөйт. Ошондуктан кызы менен жолугушуп турууга укуктуу. Курман айттын алдында кайним жана кайынсиңдим кызымды алып кетишкен. Кийинки күнү эле кайнатам чалып, кызым ооруп калганын айтты. Мен аны ооруканага алып бардым. Дарыгерлер операция жасап, кызым зордукталганын айтышты».

Соттук-медициналык экспертиза учурунда да кыздын зордукталганы тастыкталган.

Келиндин кайын журту эч кандай зордуктоо болбогонун, ал өч алуу максатында ушундай окуяны ойлоп тапканын билдиришүүдө.

Турсунзаде шаардык прокуратурасы «16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баруу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тажикстанда зордуктоо үчүн 12 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою соттоо менен өлүм жазасы каралган. Өлүм жазасына 2004-жылдан бери мораторий киргизилген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG