Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Президент Жээнбеков Кытайга карыз төлөмдөрүн жеңилдетүүнү сунуш кылды


Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Ини кабыл алды. 2020-жылдын 14-сентябры.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ваң Ини кабыл алды. 2020-жылдын 14-сентябры.

Кыргызстан Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И менен Бишкектеги жолугушуусунда сөз болду.

«Коронавирус инфекциясы макроэкономикалык кырдаалга терс таасир тийгизгенин эске алуу менен, Кыргызстандын Кытайга болгон тышкы карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуш кылды», - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан кабарда.

Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстан Кытай менен экономикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө, электрондук соода, маалыматтык технологиялар багытындагы жаңы моделдерди ишке ашырууга кызыкчылыгы бар экендигин белгиледи. Кытай өкмөтүнө гуманитардык жардам көрсөткөнү, коронавирус пандемиясына каршы күрөш үчүн медициналык эксперттерди жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Кытай министри Ваң И Бишкекке расмий сапар менен 13-сентябрда келген. Ошол эле күнү ал Кыргызстандын башкы дипломаты Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуу өткөргөн. Анда Ваң И Кыргызстандагы сапарын коронавируска каршы күрөш боюнча кызматташтыкты бекемдөө максаты менен байланыштырган.

Кыргызстандын соңку эсептеги төрт миллиард 106 миллион доллар тышкы карызынын бир миллиард 775 миллиону Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. (RK)

XS
SM
MD
LG