Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:29

УКМК: Кара-Суу райондук сотунун төрагасы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Жаныбек Ашировду кылмышка шектүү катары кармады. Бул тууралуу 14-сентябрда атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК: «14-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин негизинде Кара-Суу райондук сотунун төрагасы талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Тергөө жүрүп жатат», деп маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-сентябрда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жергиликтүү тургундан келип түшкөн арызды каттап, Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн («Пара талап кылуу») негизинде сотко чейинки териштирүү баштаган.

Арызданган адам райондук соттун төрагасы андан ишин оңунан чечип бериш үчүн пара талап кылганын айтып берген.

Жогорку сот окуянын чоо-жайы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Быйыл жыл башында ишиндеги кемчиликтери үчүн жана коомдогу сын пикирлерден улам бир судья кызматтан кетип, дагы бирин жумуштан алуу боюнча сунуш президенттин кароосуна жиберилген.

2018-жылы сот жана күч кызматкерлеринин иши Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралып, президент Сооронбай Жээнбеков: «Адилеттикти камсыз кылат деп эл үмүтүн арткан соттордун өздөрүнө карата акыркы он жылда 97 кылмыш иши козголгон. Алардын жарымы тергөөдө кылмыш жообунан бошотулган», - деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG