15-cентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде жаан-чачын болот. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаайт. Бийик тоолорго кар түшөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.
Абанын температурасы:
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,
Нарын жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9 градус болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 26...28 градус болот, жаан-чачын жаабайт.