Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Бишкек: Ижара аукциону онлайн ыкмага өттү, быйыл акча эки эсе аз түшөрү болжолдонууда


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкекте муниципалдык жайлардан соода-сатык үчүн ижарага аянтча берүү мындан ары сынак жолу эмес, электрондук аукцион аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу 14-сентябрда «Азаттыкка» мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурбек Токторбаев билдирди:

«Мындан ары жеңүүчү онлайн аукцион аркылуу гана аныкталат. Каалоочулар бул жакка келип отурбастан үйүнөн эле катталып, катыша алат. Ижарага берилүүчү жайлардын так тизмеси жок, негизинен футбол аянтчасы, дарыкана, УДИ (УЗИ) бөлмөсү, кеңсе, ашкана, төлөм кабыл алуу пункттары».

Токторбаев билдиргендей, буга чейин талапкерлер документин сынак өтө турган жерге алып барып, жеңүүчү ошол жерден деп аныкталчу.

Мэриянын маалыматына караганда, мындай ыкма жемкорлуктун алдын алат. Алгачкы аукционго 38 объект коюлуп, алардын 14үнө ижарачы табылды. Калгандары кийинкисине коюлмай болду. Уткан 14 ижарачы менен 150 миң сомго келишим түзүлдү.

Токторбаевдин айтымында, муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешенин планын шаардык кеңеш бекитет. 2019-жылга пландалган 120 миллион сомдун 116 миллиону чогулган. Быйылкы жылга 140 миллион деген план коюлган, бирок коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чектөөлөрдүн айынан 70-80 миллион сом чогулары болжолдонууда. (RK)

XS
SM
MD
LG