Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Быйыл чет жактын окуу жайларына квота аркылуу 165 кыргызстандык өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 165 кыргызстандык Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларына кабыл алынды. Бул тууралуу 15-сентябрда министр Каныбек Исаков мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен өткөн онлайн кеңешмеде айтты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр кабыл алуу экзамендери ачык-айкын өткөнүн, ата-энелерден нааразылык болбогонун белгиледи.

Анын айтымында, Венгриянын жогорку окуу жайларына 75, Беларустукуна 10, Казакстандыкына беш, Кытайдыкына 70 жана Латвияныкына беш кыргызстандык кабыл алынды.

Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде чет мамлекеттер студенттик квота берет. Бул ишти жүзөгө ашыруу милдети министрликке жүктөлгөн.

Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев 2017-жылы чет мамлекеттерде билим алыш үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй, Венгрияда окууга аткаминерлердин балдары өтүп жатканын билдирип чыккан. Министрлик бул айтылгандарды четке каккан. Чуулуу окуядан кийин эки аткаминердин кызы Венгриядагы окуудан баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG