Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

ӨКМ: Өз жанын кыюуга аракет кылган эки адам куткарылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир күндө өз жанын кыюуга аракет кылган эки адам куткарылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-сентябрда Бишкектин Биринчи май районунда көп кабат үйлөрдүн биринин тургуну 5-кабаттын терезесине чыгып, жанын кыюуга аракет кылган. Анын аты-жөнү жана жаш курагы тууралуу маалымат такталып жатат.

Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Сакалды айылынын 44 жаштагы эркек тургуну насостук станциянын башына чыгып, жанын кыюуга аракеттенген.

Окуя болгон жерлерге куткаруучулар жетип барып, кооптуу кырдаалды жөнгө салышкан. Куткарылган эки адамды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында суицид боюнча соңку маалымат 2017-жылды гана камтыйт. Ага ылайык, ошол жылы мындай кадамга ар бир 100 миң кишинин алтоо барган.

Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдар өз жанын кыйган себеп көпчүлүк учурда белгисиз бойдон калат. Ал эми аныкталган себептердин арасында жазадан коркуу, акылынан тануу, үйдөгү чыр-чатак, акча маселелери жана оору-сыркоо сыяктуу жагдайлар көрсөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG