Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Шайлоо-2020: Партиялардын алды 90 миллион сом, арты алты миллион сомдой каражат коротту


Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого аттанган партиялардын шайлоо фондуна 11-сентябрга чейин келип түшкөн жана коротулган каражаттын тизмесин жарыялады.

ПартияКелип түшкөн акча (сом)

Коротулганы (сом)

"Биримдик"97 399 90086 753 491
«Мекеним Кыргызстан»94 180 23890 445 319
«Мекенчил»86 753 49110 785 669
«Кыргызстан»71 579 62271 461 368
“Ата Мекен”41 400 62036 950 610
«Замандаш»36 510 00035 414 723
“Бир Бол”34 189 15633 865 396
«Республика»21 821 65520 639 151
“Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”9 319 5009 303 665
“Социал-Демократтар”8 642 7608 535 966
Реформа7 072 5426 508 830
«Мекен Ынтымагы»6 676 8386 603 620
“Ыйман Нуру”6 500 3006 395 750
«Ордо»6 243 0006 121 401
“Чоң Казат”6 172 9146 038 446
“Бүтүн Кыргызстан”5 858 4005 745 266

Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган.

Мыйзам боюнча шайлоого катышканы жаткан ар бир партия шайлоо фондун ачат. БШК банктарды талдап чыгып, айыл-аймактарда эң көп филиалдары бар, элге жеткиликтүү деген негиз менен «РСК Банк» жана «Айыл Банк» банктарын тандап алган. Партиялар ушул эки банктан эсеп ачып, ага шайлоо иштери үчүн каражат салат. Боршайком эсепке кимден, качан, канча акча түшкөнү, ал эмнеге коротулганы тууралуу маалымат берип турат.

Шайлоо фондуна каражат төрт булактан чогултулат. Алар: талапкерлер өздөрү бир которгондо 1,5 млн. сомдон ашпаган акчаны эсепке сала алат. Саясий партиянын өзүнүн каражаты болушу мүмкүн. Ал 100 млн. сомдон көп болбошу керек. Андан тышкары жеке тараптар 200 миң сомдон, юридикалык жактар 300 миң сомдон ашык эмес акчаны шайлоо фондуна сала алат. Партиянын шайлоо фонду жалпысынан 300 млн. сомдон көп болбошу керек. (SE)

XS
SM
MD
LG