Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Тажикстанда шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды


Тажикстанда 16-сентябрдан тартып президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт жүргүзүшүнө уруксат берилди.

Борбордук шайлоо комиссиясы беш талапкерди каттаган. Арасында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Эмомали Рахмон да бар.

Ал эми эки саясатчы каттоодон өтпөй калды. Демократиялык партиянын өкүлү Саидджафар Усмонзода менен өзүн-өзү көрсөткөн Фаромуз Иргашев жетиштүү өлчөмдө кол чогултпаганы негиз катары көрсөтүлгөн. Усманзода убакыт тардыгын айтып чечимге каршы даттанбай турганын билдирген. Ал эми Иргашев шайлоо мыйзамдарын өзгөртүш үчүн бийлик менен соттошууга ниеттенүүдө.

«Мен шайлоо жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү талап кылып, Тажикстандын Конституциялык сотуна кайрылам. Бул мыйзамды өзгөртүш керек, себеби ал тажикстандыктардын конституциялык укуктарын тебелеп жатат», - деди ал.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG