Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын мурдагы президенти Сума Чакрабарти Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге экономикалык өнүгүү, натыйжалуу башкаруу жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчиликке дайындалат. Бул тууралуу Чакрабарти өзү «Твиттерге» жазып, «реформалар программасын ишке ашырууга көмөктөшүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн» деп белгиледи.
Ал ошондой эле буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин экономикалык өнүгүү жана натыйжалуу башкаруу боюнча кеңешчиси болгонун жазды.
Сума Чакрабарти Европа реконструкция жана өнүгүү банкын 2012-жылдан 2020-жылдын июлуна чейин жетектеген.
Өзбекстанды 2016-жылдын сентябрынан бери башкара баштаган Шавкат Мирзиёев бир катар реформаларды баштап, коңшулары жана дүйнө өлкөлөрү менен экономикалык карым-катнашты чыңдоо аракетинде.