Шейшембиде Жапониянын парламенти Ёсихиде Суганы премьер-министрликке шайлап, өлкөдө лидер алмашты. 71 жаштагы Суга партиялашы, буга чейинки өкмөт башчы Синзо Абэнин программасын, анын ичинде «Абэномика» деп аталган экономикалык саясатын улантары күтүлүүдө.
2012-жылдан бери жапон министрлер кабинетинин баш катчысы болуп иштеп келген Суга эки күн мурда башкаруучу Либерал-демократиялык партиянын лидерлигине шайланган.
Сегиз жылдан бери партияны жетектеп, бийликте турган Синзо Абэ өнөкөт ичеги оорусуна байланыштуу кызматтан кетерин 28-августта билдирген. Аны 16-сентябрда өкмөт мүчөлөрү кол чаап, гүл берип узатышты.
«Администрацияга келгенден тартып эле экономиканы жандандыруу жана улуттук кызыкчылыкка төп келген дипломатиялык саясат жүргүзүү үчүн күн сайын катуу иштедим. Ушул убакыт ичинде түрдүү чакырыктарга каршы жапон эли менен бирге турганыма сыймыктанам», деди Абэ коштошуу учурунда.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Синзо Абэнин кабинетиндеги министрлердин тең жарымы алмашарын жазып жатышат.
Жапония - планетадагы экономикасы эң кубаттуу үчүнчү өлкө. Дүйнөлүк банктын эсебинде 2019-жылы ички дүң өнүмү беш триллион доллардан ашкан.