Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:44

АКШ тележылдыздары жек көрүүгө каршы акция өткөрүүдө


Ким Кардашьян.
Ким Кардашьян.

Кошмо Штаттардагы бир катар белгилүү адамдар 16-сентябрда бир күнгө «Фейсбук» менен «Инстаграмдагы» аккаунттарын өчүрөрүн жарыялашты. Алар муну менен социалдык медиа платформаларында жайылып жаткан жек көрүүнү жайылтууну токтотууга үндөшүүдө.

Бул өнөктүккө кошулгандардын арасында Леонардо ди Каприо, Ким Кардашьян жана Женнифер Лоуренс да бар.

«Фейсбук» компаниясына караштуу «Инстаграм» социалдык түйүнүндө 188 миллиондой катталуучусу бар Кардашьян өз баракчасына: «Социалдык тармактарда жайылып жаткан туура эмес маалыматтар биздин шайлоого олуттуу таасир этип, демократиябызга бүлүк түшүрүп жатат. Мен бул платформалар аркылуу Американы бөлүп-жаруучу атайын топтор жек көрүүнү жана бурмаланган маалыматты жайылтып жатканда жөн отура албайм», деп жазды.

Өнөктүктү «Stop Hate for Profit» («Упайды көздөгөн жек көрүүнү токтот») коалициясы уюштурган. Алар буга чейин дагы «Фейсбукту» «жек көрүүнү, расизмди жана дезинформацияны жайылтууну токтотуш үчүн акылдуу кадамдарга барууга» чакырып келишкен.

2,7 миллиард колдонуучусу бар социалдык түйүн шайлоого бир жума калганда жаңы саясий жарнамаларды платформага жайгаштырууга тыюу салганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG