Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

18-сентябрда жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыштан жел согот, кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19,

Нарын жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 12...17,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн 8...10, күндүз 17...19 градус болот. Жаан жаайт.

XS
SM
MD
LG