Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга кеңеш берүүчү колдонмо даярдалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам берүү боюнча ар бир кадам жазыла турган колдонмо китепче даярдалууда. Бул тууралуу 17-сентябрда «Азаттыкка» Судья аялдар ассоциациясынын аткаруучу директору Зульфия Турумбекова билдирди:

«Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар кайсы жакка кайрылышы керек экенин билишпейт. Ошондуктан биздин уюм алар үчүн ар бир кадамы көрсөтүлө турган колдонмо жазып жатат. Себеби 112 номуру аркылуу да алар тийиштүү жардам ала албайт экен».

Турумбекова үйүндө ур-токмокко кабылган келиндер милицияга дээрлик кайрылбай турганын, кайрылса да арызынан бир нече күндөн кийин баш тартып коёрун айтты.

Ал бул колдонмо кыз-келиндерге гана эмес, адвокаттарга да таратылып берилерин, кийин анын видео версиясы да тартылып, таркатыларын, мамлекеттин атынан юридикалык жардам берүүчү 20 адвокат атайын окуудан өтөрүн билдирди.

Долбоорду ишке ашырууга Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы аялдар борборлору катышат.

16-сентябрда Юстиция министрлигинин Мамлекеттик кепилдик берилген юридикалык жардамды координациялоо борбору Кыргызстандын Судья аялдар ассоциациясы менен кызматташуу планын кабыл алды. Адвокаттарга жана зомбулуктун курмандыгы болгондорго таратылып бериле турган колдонмо мына ошол планга ылайык жазылат.

Быйыл 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG